Биз менен байланышыңыз

Абал курч бойдон. Чек ара сызыгынан күч жана каражаттар чыгарылууда

Кыска кабар | 18 Сен 2022 | 1498 | 0

18-сентябрь саат 22:00гө карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы тилкесинде турукташтыруу тенденциясы менен кырдаал чыңалуу бойдон сакталып турат.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы маалымдайт.

Жетишилген макулдашуулардын алкагында мамлекеттик чек ара сызыгынан туруктуу жайгаштыруу пункттарына кошумча күч жана каражаттар чыгарылып жатат.

Эки республиканын укук коргоо органдары чек ара аймактарында коомдук тартипти көзөмөлдөп, Худжанд-Канибадам/Арка-Борбордук унаа жолунда биргелешкен кайгуул-күзөт иштерин жүргүзүүдө.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан КР УКМКнын Чек ара кызматынын тарамдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантууда.

Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу кол салууусунда курман болгондордун саны 59га жетти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM