Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга кол салуу. Мерт кеткендердин саны 46га жетти

Кыска кабар | 18 Сен 2022 | 1113 | 0

Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусунан улам жабыркагандардын саны 18-сентябрь саат 17:00гө карата 140 адамды түздү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.

Анын ичинен 7 адам амбулатордук дарылоого жөнөтүлдү.

Жабыркагандардын көбү Бишкек жана Ош шаарларындагы саламаттыкты сактоо уюмдарына которулган (102 киши).

1. Улуттук госпиталда — 71 адам;

2. Улуттук хирургиялык борбор – 8;

3. Эне жана баланы коргоо улуттук борбору – 8;

4. Тез жардам ооруканасы — 9;

5. Ош облустук бириккен ооруканасы – 4;

6. Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасы – 2.

Калган жабыркагандар Баткен облусунун саламаттыкты сактоо уюмдарында стационардык дарыланууда. Бардыгына  керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, кандын компоненттери, дары-дармектер жана медициналык буюмдар жетиштүү санда бар.

Баткен облусунан алынган ыкчам маалымат боюнча, дагы 10 адамдын сөөгү Баткен облусунун саламаттыкты сактоо уюмдарына келип түшкөн. Куралдуу кагылыштан каза болгондордун жалпы саны 46 адамды түздү.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, 19-сентябрь улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM