Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга кол салуу. Путин Рахмон менен сүйлөштү

Кыска кабар | 18 Сен 2022 | 3225 | 0

Орусиянын президенти Владимир Путин 18-сентябрда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөшүп, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды талкуулады.

Бул тууралуу Кремлдин расмий сайты жазды.

Владимир Путин бүгүн, 18-сентябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен да телефон аркылуу сүйлөшкөн.

«Путин тараптарды мындан аркы эскалацияга жол бербөөгө жана кырдаалды бир гана тынчтык, саясий, дипломатиялык жол менен тез арада жөнгө салуу боюнча чараларды көрүүгө чакырды. Кыргыз-тажик чек ара аймагында туруктуулукту камсыз кылуу үчүн Россия зарыл жардам көрсөтүүгө даяр экенин ырастады» , — деп айтылат маалыматта.

Бүгүн, 18-сентябрда президент Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды талкуулашты.

Садыр Жапаров Путинге учурдагы абал, кыргыз тараптан шейит кеткендердин жана жабыркагандардын саны, кагылышуулардын натыйжасында Баткен облусунун чек арага чектеш айылдарындагы жарандык жана социалдык инфраструктуралык объектилердин талкаланышы жөнүндө маалымдаган.

16-17-сентябрда Тажикстан Кыргызстандын аймагына кол салгандан бери 36 адам шейит кетти, 130дан ашык адам жараат алды, 140 миңден ашуун адам коопсуз жайга көчүрүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM