Биз менен байланышыңыз

Баткенге кол салуу. Садыр Жапаров Путин менен сүйлөштү

Кыска кабар | 18 Сен 2022 | 2084 | 1

Бүгүн, 18-сентябрда президент Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Алар мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалды талкуулашты.

Садыр Жапаров Путинге учурдагы абал, кыргыз тараптан шейит кеткендердин жана жабыркагандардын саны, кагылышуулардын натыйжасында Баткен облусунун чек арага чектеш айылдарындагы жарандык жана социалдык инфраструктуралык объектилердин талкаланышы жөнүндө маалымдаган.

«Эки тараптан тең Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кризистик кырдаалды тынчтык дипломатиялык жол менен гана жөнгө салуунун маанилүүлүгүн баса белгиленди» , — деп айтылат маалыматта.

16-17-сентябрда Тажикстан Кыргызстандын аймагына кол салгандан бери 36 адам шейит кетти, 130дан ашык адам жараат алды, 140 миңден ашуун адам коопсуз жайга көчүрүлгөн.

1 пикир

1 пикир

  1. Тамара

    20.09.2022 10:30

    Саламатсынарбы
    Азыркы кыйын кырдаалда биз ынтымактык тынчтык жолу менен чечуубуз керек деп ойлойм.Ушул жанжалды баштаган тарап жазасын алууга тийиш.Биз кыргыз эли эзелтеден Боордош элбиз,боор оорусак боорго тепкен элден кандай жакшылыкты кутобуз.БизТокмок эли колубуздвн келген жардамыбызды аябайбыз. Жоокерлер,Манас жаатабыздын урпактары чепке Ата Мекенди коргоп тайманбагыла.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM