Биз менен байланышыңыз

Марат Иманкуловдун чек арадагы кырдаал боюнча билдирүүсү

Кыска кабар | 16 Сен 2022 | 556 | 0

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Коопсуздук кеңешинин кезексиз жыйыны жана чек арадагы кырдаал тууралуу маалымдады.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында тиешелүү органдарга керектүү тапшырмалар берилди.

Чек арадагы кырдаал президент Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө.

Иманкулов билдиргендей, тажик тараптын куралдуу кол салуусунан курман болгондор жана  жаракат алгандар бар, учурда алардын саны такталууда.

Чек арага байланыштуу бардык маселелер убагында чечилип жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM