Биз менен байланышыңыз

Баткендеги жаңжалда жараат алгандардын бешөө Бишкекке алып келинди

Кыска кабар | 16 Сен 2022 | 308 | 0

Кыргыз-тажик чек арасындагы айылдарга Тажикстан тараптын оор согуштук техникалар менен кол салуусунда жабыркагандардын саны саат 15:00гө карата 42ге жетти.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Анын ичинен 19 жабырлануучу Баткен облустук бириккен ооруканасында, 18и Лейлек райондук ден соолукту чыңдоо борборунда, дагы 5 адам Лейлек райондук ден соолукту чыңдоо борборунан Бишкек шаарындагы саламаттыкты сактоо уюмдарына жеткирилген.

Жабырлануучулардын абалы жана диагнозу тууралуу маалымат бериле элек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM