Биз менен байланышыңыз

Чек ара кызматы: Тажиктер жергиликтүү тургундарды «калкан» катары колдонууда

Кыска кабар | 16 Сен 2022 | 433 | 0

УКМКнын Чек ара кызматы 16-сентябрь саат 13:12 де расмий маалымат таратып, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу окуяда тажик тарап бир гана оор аскердик техниканы эмес, жергиликтүү элди да колдонгон фактылар катталганын билдирди.

Тажикстандын аскер кызматкерлери чек арадагы райондун жашоочуларын «калкан катары» колдонуп жатышканын кабарлады.

«Тажик Республикасы тарабынан кагылышууга белгисиз формачан жана кандайдыр бир куралдуу түзүмгө таандыгы белгисиз болгон адамдар катышууда» , — деп айтылат маалыматта.

Чек ара кызматынын өздүк курамы кырдаалдын өзгөрүшүнө жараша адекваттуу чараларды көрүп, душманды ок атышууну токтотууга мажбурлоо үчүн аракеттерди көрүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM