Биз менен байланышыңыз

Министрлик: Чек арада жабыркагандардын саны 31ге жетти

Кыска кабар | 16 Сен 2022 | 279 | 0

Кыргыз-тажик чек арасындагы айылдарга Тажикстан тараптын оор согуштук техникалар менен кол салуусунда жабыркагандардын саны саат 13:00гө карата 31ге жетти.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Алар Баткен облустук бириккен ооруканасына ар кандай жаракаттар менен жаткырылды. Абалы жана диагнозу тууралуу маалымат бериле элек.

Баткен облусундагы бардык саламаттыкты сактоо уюмдары жана тез жардам кызматы күчөтүлгөн режимге өткөрүлдү.

Ооруканаларда медициналык жардам көрсөтүү үчүн кандын компоненттеринин, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жетиштүү көлөмү бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM