Биз менен байланышыңыз

Мурдагы бажычы Адилет Кубанычбеков мамлекетке 1 млн сом төлөйт

Кыска кабар | 15 Сен 2022 | 275 | 0

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 28-апрелдеги чечими менен Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адилет Кубанычбеков Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды.

Бул тууралуу 15-сентябрда соттун маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Бажы кызматынын мурдагы жетекчиси 1 млн сом өлчөмүндө айып төлөөгө милдеттендирилди.

Адилет Кубанычбеков быйыл январь айында кармалган. УКМК Бажы кызматынын жетекчилиги товар импорттоого катышкан жеке компанияларды коргоп, жеңилдетилген шарттарды түзгөнү, бажылык тариздөө мыйзамын одоно бузганы, үзгүлтүксүз пара алып туруу үчүн товарларды жашыруу схемаларын колдонгону, жеке байлык топтоо максатында инвестор компаниялар көрсөткөн бажы кызматтарынын баасын негизсиз ашырганы аныкталган.

Бул фактылардын негизинде кылмыш иши козголуп, анын алкагында Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адилет Кубанычбеков шектүү катары кармалган. Анын баш коргоо чарасы аныкталып, эки айга камалган.

Кубанычбеков быйыл март айында мамлекетке келтирген 51 миллион 220 миң сом зыянды кайтарганы кабарланган. Ошондой эле кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча аныкталган фактыларды мойнуна алганына байланыштуу баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM