Биз менен байланышыңыз

Самаркандда Кыргызстан-Иран кызматташтыгы талкууланды

Кыска кабар | 15 Сен 2022 | 200 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-сентябрда Өзбекстандн Самарканд шаарында Ирандын президенти Сейед Эбрахим Раиси менен жолугушту.

Президенттер саясий, соода-экономикалык жана башка тармактарда кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.

Садыр Жапаров жеке таанышканына кубанычта экенин билдирип, бардык деңгээлдеги туруктуу саясий диалогду, кыргыз-иран кызматташтыгын бекемдөөгө даяр экендигин белгиледи.

Ошондой эле, эки өлкөнүн соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгына, транзиттик мүмкүнчүлүктү пайдаланууга чоң маани берди.

Жапаров кыргыз тарап Ирандын ШКУга кирүүсүн кубаттай турганын жана бул ар түрдүү тармактарда биргелешкен кызматташтыкты тереңдетерин билдирди.

Ирандын президенти Кыргызстан менен Иран маданияты, тарыхы жана баалуулуктары жалпы бир тууган өлкөлөр экенин  белгиледи. Анын айтымында, учурда эки өлкөнүн соода алакасынын көлөмү төмөн деңгээлде, аны жогорулатуунун үстүндө иштөө керек.

Ушул күндөрү Өзбекстандын Самарканд шаарында ШКУ уюмуна мүчө мамлекеттердин президенттери катышкан саммит өтүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM