Бишкекте ректорлордун дүйнөлүк форуму өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чаранын темасы «Улуттук инновациялык экосистеманы курууда университеттердин ролу» деп аталат. Форумда 100дөн ашык өлкөнүн университеттеринин ректорлору окуу жайлардын илимий-инновациялык ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, интеллектуалдык менчикти коммерциялаштыруу жана технологияларды трансферттөө ыкмаларын талкуулашат.
Форумду Билим берүү жана илим министрлиги жана Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюму биргеликте уюштурууда.
Иш-чара 14-15-сентябрда өтөт.