Биз менен байланышыңыз

Кенжебаев: Новопавловкада бир класста 42 окуучу окуп жатат

Кыска кабар | 8 Сен 2022 | 452 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Аманкан Кенжебаев Сокулук районунун Новопавловка районунда курулушу башталып бүтпөй жаткан мектеп маселесин көтөрдү.

Анын айтымында, эки гимназияга жаңы окуу жылына 1-класска 558 бала келген.

«Жаңы келген окуучуларды батырыш үчүн мугалимдер бөлмөсүн, кампаны баарын бошоттук. Эки кошумча салынган мектептин курурулуштары, экөө тең токтоп турат. Мектептердин курулушу боюнча ушул жерден тиешелүү органдар менен сүйлөшкөн болчук. Элге эмне деп жооп беребиз?», — деди Кенжебаев.

Депутат өзгөчө балдардын мектеп маселесин кыска убакта чечип берүүсүн суранып, бир класста 42ден окуучу окуп жаткандыгын билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM