Биз менен байланышыңыз

Балбак Түлөбаев Агрардык саясат комитетинин төрагасынын орун басары болду

Кыска кабар | 8 Сен 2022 | 311 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайланды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

7-сентябрдагы парламент жыйынында Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басарын шайлоо маселеси каралып, кызмат ордуна депутат Балбак Түлөбаевдин талапкерлиги көрсөтүлдү.

Добуш берүүнүн негизинде депутат Балбак Түлөбаев Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM