Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө УКМКнын медициналык бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды

Кыска кабар | 7 Сен 2022 | 328 | 0

Бүгүн, 7-сентябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышусуунда УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкы башкармалыгынын медициналык бөлүмүнүн жаңы имаратынын жана башкармалыктын кызматкерлери үчүн футбол аянтчасынын ачылышы болду.

Ачылышка президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов, Каракол шаарынын мэри жана атайын кызматтын ардагерлери катышкан.

Ташиев УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкы башкармалыгынын өздүк курамын куттуктап, бул иш-чара УКМК бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчилиги тарабынан жүргүзүлгөн иштер экендигин белгилеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM