Connect with us

Ошто 8 жаштагы бала кутурма оорусуна шектелип ооруканага түштү

Кыска кабар | 7 Сен 2022 | 644 | 0

Оштун Араван районундагы дарыгерлердин жалпы практикалык борборунун жугуштуу оорулар бөлүмүнө 8 жаштагы бала кутурма оорусуна шектелип кайрылган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, баланын абалы орто оор деп бааланууда.

Анын диагнозу тактала элек, бирок тиешелүү дарылануудан өтүүдө. Баланын дартын аныктоо жана дарылоо боюнча Бишкектеги адистердин катышуусунда онлайн консилиум өткөн.

Учурда карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар борборунун адистери жеринде методикалык жана практикалык жардам көрсөтүүдө.

Кутурма оорусунун кантип алдын алса болот?

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM