Биз менен байланышыңыз

Аялдар менен балдардын укуктарын коргоо маселеси талкууланды

Кыска кабар | 6 Сен 2022 | 351 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңеш менен Европа биримдиги, Бириккен Улуттар уюму (БУУ) аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүн токтотуу боюнча «Луч света» демилгесинин алкагында кеңеш өткөрдү.

Анда аялдардын, балдардын укуктары талкууланганын парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Кыргызстанда балдарга карата катаал мамиле кеңири жайылып, кыз-келиндердин зордук-зомбулукка учурашы акыркы кезде көбөйүп жатканы, укуктар мыйзам чегинде корголушу керектиги айтылды.

Статистикалык маалыматка караганда, жети ай ичинде 9 миңге жакын үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган.

Жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары Шарапаткан Мажитова, Камила Талиева, Надира Нарматова, Динара Ашимова, Лейла Лурова жана аткаруу бийлигинин жооптуу кызматтарынын кызматкерлери, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер  катышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM