Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 3-сентябрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы бир аз жогорулайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +12…+17, күндүз +29…+34,
Талас облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +26…+31,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +31…+36,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27,
Нарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +24…+29,
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17, күндүз +32…+34 градус болот.