Connect with us

Токтогул ГЭСинде 13,3 млрд куб метр суу бар

Кыска кабар | 1 Сен 2022 | 122 | 0

Бүгүн, 1-сентябрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 13 млрд 283 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, суунун агып келиши секундасына 383 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 193 куб метрге жетүүдө.

2021-жылдын апрель айында Токтогулда суу кескин азайып, ГЭСтеги суу 8,5 млрд куб метрге чейин жеткен.

Суу сактагычтын жогорку чеги 19,5 млрд куб метр. Мындай көлөмдөгү суу Токтогулга 2017-жылы толгон. Ал эми эң төмөнкү чеги 2008-2009-жылдары, кийин 2014-жылы 6,4 млрд куб метрге чейин жеткен.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM