Connect with us

Орусияда унаа сүзүп, комага түшкөн кыздын абалы оор деп бааланууда

Кыска кабар | 31 Авг 2022 | 148 | 0

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы Орусияда унаа сүзүп, алган жаракатынан улам комага түшкөн Ж.к.А. аттуу Кыргызстандын жаранынын учурдагы абалы боюнча маалымат берди.

Маалыматка караганда, учурда Ж.к.А. аттуу жаран оор жаракат алган жол кырсыгы боюнча Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Жабыр тарткан жаран Подольск областтык клиникалык ооруканасынын реанимация бөлүмүндө жатат жана абалы оор деп бааланууда.

Жабырлануучунун жалпы абалы турукташкандан кийин адистештирилген медициналык жардам алуу үчүн башка медициналык мекемеге которуу маселеси каралмакчы.

Бул маселе Кыргызстандын Орусия элчилигинин көзөмөлүндө экендиги кабарланды.

Ошол эле учурда өкүлчүлүктүн жооптуу кызматкерлери жабырлануучунун жакын туугандары менен байланышта.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM