Connect with us

Башкы прокурор Манас жана Кара-Буура районунун эли менен жолугушту

Кыска кабар | 11 Авг 2022 | 356 | 0

Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев жана Ички иштер министри Улан Ниязбеков Манас жана Кара-Буура райондорунун тургундары менен жолугушууда. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында, тургундар коомчулукта орун алган айрым мыйзам бузуучулуктар, укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер, социалдык көйгөйлөр тууралуу суроолорду салышып, жетекчиликтен тийиштүү чара көрүп берүүнү сурашты.

Башкы прокурор ар бир кайрылуу кылдат жана мыйзам чегинде каралаарын белгилеп, чукул арада чаралар көрүлөөрүн билдирди.

Жолугушууга Манас жана Кара-Буура райондорунун 200гө чукул жашоочусу катышууда.

 

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM