Ички иштер министри Улан Ниязбековдун буйругуна ылайык, милициянын подполковниги Исмайил Сагыналиев ИИМдин Орусиядагы өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Исмайил Сагыналиевдин эки жогорку билими бар. Ал 2002-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин, 2008-жылы ИИМдин Академиясынын Юриспруденция багыты боюнча адистигин аяктаган.
Буга чейин ал ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы кызматын аркалап келген. Ички иштер органдарында 2003-жылдан бери кызмат өтөйт.
Эске салсак, буга чейин Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлү болуп Нурлан Жанбаев иштеген.