Улуттук банк лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын ишке ашыргандыгы үчүн дагы бир жаранга айып салды.
Улуттук банктан билдиришкендей, банктын Ысык-Көл облустук башкармалыгы Кыргзстандын жараны К.К.З. карата 17 миң 500 сом суммасында айып пул салды.
Белгилей кетсек, буга чейин Ысык-Көлдө ушундай эле мыйзам бузуу үчүн үч жаранга айып пул салынган. Июнь жана июлдун башында дагы бир канча учур катталган.