Connect with us

Улуу Британия: Борис Жонсон отставкага кетүүгө макул болду

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Июл 2022 | 1061 | 0

Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон отставкага кетүүгө макул болду. Бирок ал күзүндө жаңы лидер шайланганга чейин кызматтык милдетин аткара берет. Бул тууралуу The guardian басылмасы жазды.

Премьер-министр Борис Жонсонго ишеним жоголгонуна байланыштуу Улуу Британиянын өкмөтүнөн 30дан ашуун адам кетти. Алардын арасында министрликтин жетекчилери да, өкмөттүн курамында болбогон депутаттар да бар.

5-июлда саламаттыкты сактоо жана каржы министрлери кызматтарынан кетишкен. Буга Жонсондун Крис Пинчерди депутаттык кызматка коюшу себеп болгон. Ал мас абалында сексуалдык ыдык үчүн соттолгон.

6-июлда отставкага кеткен бир нече министр Жонсонго кат жазып, аны отставкага кетүүгө чакырышкан. Жонсон ага макул болгон эмес.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM