Connect with us

Быйыл мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн мамлекеттик сынактар санариптештирилди

Кыска кабар | 12 Июн 2022 | 399 | 0

Өлкөдөгү мектеп бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик экзамендерин тапшыра баштады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ белгиленген программа боюнча, 11-класстын бүтүрүүчүлөрү эне тили жана адабияты предметинен эссе, 9-класстын бүтүрүүчүлөрү математика (алгебра) сабагынан комплекстүү тест (жазуу түрүндө) тапшырышууда.

Кийинки мамлекеттик экзамен 14-июнда 11-класстар үчүн тарых сабагынан оозеки түрүндө өтсө, 9-класстар эне тили сабагынан дилбаяндын элементтери менен баяндама жазышат.

Белгилей кетсек, сынактын тапшырмалары алгачкы жолу www.ncokoit.kg сайты аркылуу электрондук түрдө жеткиликтүү болуп, мектеп администрациясы сынактын алдында тестти атайын берилген логин жана сыр сөз(пароль) менен кирип көчүрүп алды. Буга чейин экзамендик материалдар кагазга көчүрүлүп, ар бир билим берүү мекемесине жеткирилип, ага бюджеттен 4 миллион сомдой каражат короп келсе, санариптештирүүнүн натыйжасында быйылкы чыгым 700 миң сомду түздү.

Кыргызстан боюнча 11-классты 67 миң окуучу аяктап жатса, 9-классты бүтүрүп жаткандардын саны 106,5 миң.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM