Биз менен байланышыңыз

«Кумтөр» компаниясы: Акыры беш айда бюджетке 206,2 млн доллар которулду

Кыска кабар | 8 Июн 2022 | 187 | 0

«Кумтөр» алтын кен компаниясы акыркы беш айда өлкө бюджетине 17,3 млрд сом (206,2 млн АКШ доллары) которгон. Бул тууралуу компаниянын расмий сайтында айтылды.

Сайтта маалымдалгандай, салыктык которуулар пландан 74.9 млн долларга ашык аткарылган. Айтылган сумманын 11,6 млрд сому Кыргызстандын минералдык-чийки заттык базасын өнүктүрүүгө жумшалган.

Аны менен катар, 2022-жылдын январь-май айларында «Кумтөрдө» жалпы казып алуу 69,15 млн тоннаны түзүп, анын ичинде тоннасында орточо 3,33 грамм алтын болгон 2 млн 705 миң тонна кен казып алынган.

Ал эми алтын өндүрүү фабрикасы акыркы беш айда тоннасында орточо 2,992 грамм алтын болгон 2,471 млн тонна кен иштетип, жалпы 178 020 унция (5 миң 537 кг) алтын эриткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM