Беш айда республика боюнча 823 өрт кырсыгы катталып, өткөн жылга салыштырмалуу 39,2%га азайган. Анын кесепетинен материалдык чыгымдар 227 млн сомду түздү. Өрттөн 16 адам каза болуп, 11 адам жабыркаган.
Өрттүн негизги себептери төмөнкүлөр:
электр жабдууларын пайдалануудагы эреже бузуу (384 өрт кырсыгы);
отко абайсыз мамиле кылуу (132 өрт);
меш коюу эрежелерин бузуу (126 өрт);
балдардын оюну (28 өрт).
Ошондой эле куткаруу кызматы 72 баш малды, 18 унаа-техниканы, жалпысынан 273 миллион сомдук материалдык мүлктү сактап калышкан.