Биз менен байланышыңыз

3-июнда көпчүлүк аймакта жаан жаайт

Кыска кабар | 2 Июн 2022 | 399 | 0

Кыргызстанда 3-июнда түнкүсүн Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө, Чүй, Ош облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +10…+15, күндүз +20…+25,

Талас облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25,

Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +7…+12, күндүз +15…+20,

Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +15…+20.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16, күндүз +24…+26 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM