Биз менен байланышыңыз

Бишкекте коомдук транспортторго жарнама чаптоого тыюу салынды

Кыска кабар | 26 мая 2022 | 414 | 0

Бишкекте жүргүнчү ташыган коомдук транспортторго жарнамалык кагаздарды чаптоого тыюу салынды. Бул туурауу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Учурда түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Коомдук транспорттун 85% жеке компанияларга таандык. Анда шаардыктарга 40тан ашык жеке маршруттук компаниянын үч миңден көп кичи автобусу кызмат көрсөтөт. Ал эми учурда Бишкекте тогуз каттамда 79 автобус, 11 каттам боюнча 131 троллейбус иштейт.

Буга чейин шаар бийлиги жүргүнчү ташыган транспорттордун сыртына чапталган жарнамаларды сыйрып, тазалоого бир ай убакыт берген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM