Биз менен байланышыңыз

Ажылык сапарына каттоо 6-майда башталат

Кыска кабар | 5 мая 2022 | 291 | 0

2022-жылдагы ажылык сапарына барууну каалаган жарандарды каттоого алуу 6-майдан 11-майга чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу Муфтияттан кабарлашты.

Жарандар Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттарда, РСК банкына төлөнгөн 4500 доллар жана кайтарымсыз 700 сомдун төлөнгөн квитанциясынын негизинде каттоого алынат.

Ал эми пандемия учурунда катталып, кезек күтүп турган 65 жаштан төмөн курактагы жарандар ажылык төлөмдөрүн 25-апрелден 30-апрелге чейин төлөшү керек болчу, эгер жетише албай калса, 6-майдан 11-майга чейин РСК банктын иш убактысы бүткөнгө чейин төлөө мөөнөтү узартылат.

Эскертүү:

  1. Төлөгөндөрдүн саны ажыларга берилген квотадан ашып кеткен учурда кезекке калтырылат.
  2. РСК банкына ажылыктын төлөмүн төлөгөн жарандар 1 күн ичинде документтерин облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттардагы операторлорго тапшырууга милдеттүү.
  3. Ажыга баруучунун жашы 65 жашка чейин болуусу шарт;
  4. Коронавируска каршы эмделген болуусу керек;
  5. COVID-19га каршы тапшырылган тесттин таза жыйынтыгын тастыктаган күбөлүктүн бар болуусу талап кылынат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM