Биз менен байланышыңыз

«Достук» мейманканасынын 7-кабатынан кулаган кыз каза болду

Кыска кабар | 5 мая 2022 | 773 | 0

Бишкекте 27 жаштагы кыз «Достук» мейманканасынын 7-кабатынын балконунан кулап кеткен. Ал алган жаракатынан улам тез жардам келгенге чейин каза болуп калган.

Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, окуя 3-майда болгон. Маркум 1995-жылы туулган М.И. аттуу кыз болгон.

Учурда керектүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM