Өткөн жумада министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бактын иши менен таанышып, аны Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгү каралып жатканын айткан. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары демилгеге каршы чыгып, ал кооптуу сунуш экенин эскертишүүдө. Депутат Дастан Бекешев Ботаникалык бак тууралуу токтом долбоорун сунуштап, аны бардык депутат колдоду.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев демилгелеген Ботаникалык бак тууралуу токтомдун долбоору көпчүлүк депутаттар тарабынан колдоого алынып, бирок бекитиле элек.
Бекешев азыркы тапта Ботаникалык бакты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө токтомдун долбоору менен өкмөткө кайрылып, мэриянын карамагына өткөрбөөнү, Ботаникалык бактын каржылоо маселесин чечип берүүнү сунуштап жатат.
Эл өкүлү эгер Ботаникалык бак мэриянын карамагына өтсө, жеринин сатылып же ижарага берилип кетүү коркунучу бар экенин эскертет.
«Тилекке каршы, депутат Балбак Түлөбаев мен сунуштаган токтомдун долбоору боюнча ар кандай сөздөрдү айтып, ошон үчүн бекилбей калды. Жыйында бул маселе жөнүндө бир топ талаш жаралды. Мэрия азыр өз карамагына өткөрүп алса, бакчанын келечеги кандай болот, биз билбейбиз. Азыр мыйзам боюнча Ботаникалык бактын жерин эч ким сата албайт, ижарага бере албайт, тие албайт. Мэрияга өтүп кетсе, алар сатып салышы мүмкүн же балким ижарага берип коюшат».
Ошондой эле Бекешев ботаникалык бактарга жыл сайын 10 миллионго жакын сом бөлүнгөнү менен анын жарымынан көбү кызматкерлердин айлыгына кетип жатканын, ага карабастан айлык акы 10 миң сомго да жетпей турганын, андыктан жаш, жаңы кадрлар келбесин белгиледи.
Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиевдин айтымында, мэрия Ботаникалык бакты өз карамагына өткөрүүгө кызыкдар эмес. А бирок бактын учурдагы абалы – мышык ыйларлык. Эгер мэриянын карамагына өткөрүп берсе, абалы жакшырып, шаардыктар сейилдей турган кооз жайлардын бирине айланмак. Учурда бакча Кыргыз улуттук илимдер академиясынын карамагында болгондуктан, андай иштерди жасоо мүмкүн болбой келүүдө.
«Мэрия Ботаникалык бакчаны өзүнө өткөрүп алууга кызыкдар эмес. Маселе учурда бакчанын такыр эле каралбай калганында болуп жатат да. Ал жер ачык асман алдындагы мейманкана эле болуп калган. Ичинде, ар кайсы жеринде үй-жайы жок селсаяктар жатып алып, анан алар ошол жаткан жерин өрттөп кетип, ызы-чуу болуп жатпайбы. «Мэрия бакчанын жерин алып сатып иет, ижарага берип салат» деген сөздөр — суу кечпеген ушактар. Бакча Бишкек шаарынын абасы үчүн абдан керектүү болгондуктан биз да анын ичинде тартип, тазалык болушуна кызыкдарбыз».
Депутат Дастан Бекешев Ботаникалык бакчаны мэрия сураганы токтом долбоордо ачык жазылып турганын айткан.
Өлкө боюнча үч ботаникалык бак бар: экөө Бишкек шаарында, бирөө Нарын шаарында. Жалпысынан 65 кызматкер эмгектенет. Анын алтысы Нарындагы корукту карайт. Айлыгы 3750 сом болгондуктан, жумушчуларды, кароолчуларды табуу оңойго турбайт, табылса да көпкө чейин иштешүү өтө кыйын.
Кыргыз улуттук илимдер академиясына караштуу Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бактын директорунун милдетин аткаруучу Гүлайым Дөңбаева бакча мамлекет тарабынан коргоого алынбай келгенин айтып берди.
Ал Ботаникалык бак жөн гана бак эмес, эл аралык кызматташтык жүргүзүүчү илимий институт экенин айтат. Чакан парктардын жерлери жеке жактардын колуна өтүп кеткен Бишкекте ботаникалык бакты коргоп калуу ыктымалы аз деп кейийт.
Анын азыркыдай абалына 30 жылдан бери каржылоо жетишсиз болгону себеп.
«Каржы министрлиги каржылоону көбөйтүп беребиз деп айтты. 1-апрелден тарта илимий кызматкерлерге айлык кошулат. Каржы маселесин эле чечип беришсе, бизге акча бөлүп беришсе, көптөгөн пайдалуу иштерди аткармакпыз. Базалык каржылоону иретке келтирүү керек. Базалык каржылоодо ирригациялык системаны гана калыбына келтирүү эмес, атайын адистер, жумушчулар да керек болот».
Бишкектин Октябрь районундагы Ботаникалык бакты караган жетекчиликтин иш имараты көмүр менен жылытылат. Бул — экологияга зыяндуу. Ошол эле учурда ирригация маселеси да көптөн бери чечилбей келген көйгөйлөрдүн бири.
«Шаардык парктар» муниципалдык ишканасынын мурдагы жетекчиси Калича Умуралиеванын пикиринде, мэрияга өткөн бакчанын жери сатылып, ал жерде башаламан курулуш иштери башталып кетиши мүмкүн. Ал буга курулуш компаниялары кызыкдар деп эсептейт.
Умуралиева Ботаникалык бак сөзсүз бир гана өкмөт тарабынан каржыланып, көзөмөлгө алынышы керектигин белгилейт.
«Азыр «Ботаникалык бакчаны мэрияга өткөрсөңөр жакшы болот, андан кийин акча бөлүнүп баштайт», — деп жатышат. Бул туура эмес да. Биринчиден, азыр бакчага канча акча керек болсо, бюджеттен ошончо берилиши керек. Эгер каржылоо болбосо, бардык эле мекеме өлүп калат. Бирок бакчаны мэрияга өткөрүү туура эмес. Мен каршымын. Бул илимий-изилдөө институту болгондуктан, анын өзгөчө макамы бар болгондуктан, муну бир гана өкмөт көзөмөлдөп, каржылап турушу абзел».
Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бак аянты жана коллекциялык курамы жагынан Борбор Азиядагы эң ири парктардын катарына кирет. Ал 37 мамлекеттин 140 ботаникалык багы жана арборетуму менен урук, калемче, көчөт алмашуу, тажрыйба бөлүшүү жаатында кызматташып келет. Корукта өсүмдүктүн 6 миң 500гө жакын сорту бар.
Азыркы тапта Ботаникалык бакча — Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын системасындагы илимий-изилдөө институту болуп саналат. Ал 1938-жылы негизделген. Жалпы аянты 170 гектар. Анын 150 гектары Ахунбаев көчөсүндө, 20 гектары Горький көчөсүндө жайгашкан.