Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик органдарга кеңсе кагаздарын пайдалануунун көлөмүн эки эсе кыскартууну тапшырды.
Ал кагаздын эки бетине тең басып чыгаруу тажрыйбасын киргизүүнү милдеттендирди. Жапаровдун айтымында, бул жөнөкөй чара учурдагы керектөөнү 50%га кыскартууга, натыйжада, бюджетти жылына 112 млн сомго жакын үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.
Акылбек Жапаров электрондук документке өтүүнү тездетүү зарылдыгын белгиледи, анткени 1 тонна кагаз өндүрүү үчүн 17 дарак, 35 миң литр суу, 4 миң кВт электр энергиясы жана 240 тонна отун керектелет. Ал эми кагаз өндүрүшүндө көмүртек кычкылы, аммиак, сымап, нитраттар, метанол, бензол, диоксиндер жана башка заттар колдонулат.
Кагаз чиригинде метан бөлүнүп чыгат, бул парник эффектин СО2ге караганда 25 эсеге көбөйтөт, бул да глобалдык ысып кетүүгө таасирин тийгизет.
Финансы министрлигине мамлекеттик органдардын кеңсе кагаздарын сатып алууга чыгымдар беренесин каржылоону кыскартуу тапшырылды.
Мамлекеттик үлүшү бар ишканалардын жана акционердик коомдордун жетекчилигине мыйзамдардын өзгөрүшүнө байланыштуу сатып алуулардын жол-жобосун иштеп чыгуу жана документти Финансы министрлиги менен макулдашуу тапшырылды.