Жалал-Абадда 3 айда 128 автокырсык катталып, 19 адам каза таап, 213 адам жаракат алган. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Кырсыкка кабылган унаалардын 34ү оң рулдуу болуп, алардын 32си кырсыкка күнөөлүү деп табылган.
Бул унаалар жараткан кырсыктан 8 адам каза таап, 65 адам жаракат алган.
Эске салсак, былтыркы жылы 3 айда 114 автокырсык катталып, андан 21 адам каза болуп, 189 адам жаракат алган. Анын ичинен 31 автокырсыкта оң рулдуу унаалардын катышуусу болуп, андан 7 адам каза таап, 70 адам жаракат алган.
Белгилей кетсек, оң рулдуу автоунаалар жүргүнчү түшүрүүдө жана озуп өтүүдө ыңгайсыздыктарга көп кабылат.