Connect with us

Комитет «Айыл чарбасын каржылоо – 10» долбоорунун аткарылышы боюнча маалымат укту

Кыска кабар | 4 Апр 2022 | 199 | 0

Бүгүн, 4-апрелде Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети «Айыл чарбасын каржылоо – 10» долбоорунун аткарылышы боюнча Айыл чарба министрлигинин маалыматын укту.

Аталган маселе боюнча айыл чарба министринин орун басары Азамат Мукашев маалымат берип, «Айыл чарбасын каржылоо – 10» долбоорунун алкагында дыйкан-фермерлерге «Айыл Банк», «РСК Банк» аркылуу 6 пайыздык жеңилдетилген насыялар берилип жатканын белгиледи. Ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү Орусиядан сатылып алынып, «Айыл Банк» аркылуу дыйкандарга 2 жылдык мөөнөткө жылдык 4,5% үстөк менен берилип жатканы айтылды.

Талкуу маалында депутаттар жеңилдетилген насыялар кечиктирилип берилип жатканын, белгиленген банктарда кезек күтүүлөр арбын экенине токтолушту.

Депутат Максат Сарбагышев талапка ылайык ар кандай документтерди, маалымкаттарды чогултуу зарыл болгондуктан, банктар аркылуу үрөн алуу кыйын болуп жатканын жүйө келтирди. Муну менен катар эл өкүлү кийинки жылы мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү, айрыкча санариптик форматта маалымкаттарды берүүнү сунуштады.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM