Connect with us

1-майдан 9-майга чейин эс алуу жарыялоо сунушталды

Кыска кабар | 1 Апр 2022 | 307 | 0

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги «2022-жылы май айында эс алуу күндөрүн жылдыруу жөнүндө» Министрлер кабинетинин токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Токтом долбоору Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык иштелип чыккан.

Долбоордо беш күндүк тартипте иштеген мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн 1-майдан 9-майга чейин эс алуу каралган.

Ошондой эле беш күндүк тартипте иш жүргүзгөн жеке менчик мекемелерге да иш күндөрүн карап көрүү сунушталат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM