Биз менен байланышыңыз

Алымкадыр Бейшеналиев коомчулуктан колдоо сурады

Кыска кабар | 31 Мар 2022 | 1791 | 1

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирүү жасап, реформа кылууда коомчулуктан колдоо күтөрүн айтты. Анын кайрылуусу министрликтин сайтына жайгаштырылды.

«Саламаттыкты сактоо системасын иш жүзүндө монополия кылып алгандар аны реформалоого каршы. Ал эми көзөмөл жана сот органдары калктын саламаттыгына тиешелүү маселелерде адилетсиз болуп жатышат. Ушуга байланыштуу мен, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, коомчулуктун колдоосуна муктаж экенимди расмий түрдө билдирем», — деди министр.

Ал эми доктор Исманкуловдун клиникасы сыяктуу мекемелер элди кыйынчылыктан куткара албай турганын билдирди. Ал калктын курч көйгөйү болгон жүрөк-кан тамыр ооруларын жана неврологиялык ооруларды да дарылай турган ооруканаларды түзүү нитети бар экенин айтты.

Көзөмөл жана сот органдары мындай реформаларды адилет чечимдер менен колдогондун ордуна, тескерисинче, нигилизм тарапта экенин айтып, нааразы болду.

«Дарыгер Исманкулов мыйзамды айланып өтүп, муниципалдык менчикти тескеген мэриянын токтомдорун этибарга албай, элдин саламаттыгына коркунуч туудурган медициналык мекемени чыгарбай жатат. Бул маселеде аны көзөмөл органдары колдоп жатканы таң калыштуу. Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги убакытын калктын саламаттыгына байланышкан маанилүү мамлекеттик маселелерди чечүүгө жумшайт. Мен баштаган реформаны ишке ашыруу үчүн ар бир мүнөт, ар бир секунд маанилүү. Ошондуктан коомчулукка кайрылууну чечтим. Саламаттыкты сактоону өнүктүрүү маанилүүбү же элдин эсебинен капчыгын толтурган Исманкуловго окшогондорбу? Мен сиздин тандооңузду жана колдооңузду күтөм!», — деп айтылат кайрылууда.

Исманкуловдун клиникасы жайгашкан оорукананы оңдоо иштери башталды

Бейшеналиев: Кооз сүйлөгөндү билбейм, мен үчүн иш маанилүү

1 пикир

1 пикир

  1. Айтко.

    01.04.2022 10:28

    Саламаттыкты сактоо министри туура реформа жазап жатат. Мен толугу менен колдойм.бирок бул тармакта дагы эле паракорлук толтура.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM