Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Тажикстандын футболчулары ортосунда чыр чыкты (видео)

Кыска кабар | 29 Мар 2022 | 2966 | 0

Бүгүн Өзбекстандын Наманган шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын футбол боюнча курама командалары беттешүүдө. NAVRUZ CUP алкагындагы достук оюндарынын жүрүшүндө кыргыз-тажик футболчуларынын ортосунда чыр чыкты.

Оюндун 24-минутасында тажик футболчулары менен кыргыз футболчулары топ талашып, бир катар оюн эрежелери бузулду. Анын натыйжасында кыргызстандык футболчу Гүлжигит Алыкулов менен тажикстандык футболчу Манучехр Сафаров жакалаша кетип, оюндун калысы эки футболчуга тең кызыл карта көрсөттү.

Белгилей кетсек, кыргызстандык футболчу Гүлжигит Алыкулов сол канатта жарым чабуулчу катары ойноп жаткан.

Учурда эки тарапта тең эсеп ачыла элек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM