Биз менен байланышыңыз

Нигерияда террорчулар жүргүнчү поездди жардырышты

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Мар 2022 | 293 | 0

Нигерияда «Боко Харам» террорчулары жүргүнчү поездди жардырып жиберишти. Бул тууралуу Нигериянын темир жол корпорациясынын директору Фидет Окириа билдиргенин жергиликтүү This Day басылмасы жазды.

Белгиленгендей, поезд өлкөнүн борбору Абужа шаарынан Кадуна шаарын көздөй бара жаткан. Вагондордо 970 жүргүнчү болгон.

Маалыматка ылайык, жардыргыч заттар вагондордун бирине коюлган же  рельсте болгон. Жарылуудан улам поезд рельстен чыгып, бир нече вагон кыйраган. Каза болгондор жана жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат жок.

Жүргүнчүлөрдүн бири полиция менен байланышууга үлгүрүп, кол салгандар поездди курчоого алып, маал-маал ок чыгарып жатышканын кабарлаган.

Поезддин дагы бир жүргүнчүсү жергиликтүү телеканалга поезд токтогондон кийин террорчулар вагондорго кирип, бир нече адамды уурдаганын билдирген. Аскер кызматкерлери калган жүргүнчүлөрдү куткаруу үчүн окуя болгон жерге жөнөп кетишкен.

Эске салсак, Нигерияда көп жылдан бери бийлик  менен 2002-жылдан бери белгилүү болгон радикал исламчыл топ «Боко Харам» ортосунда тирешүү болуп келген. Ал Нигерияда жана башка Батыш Африка өлкөлөрүндө шариятты киргизүү максатында түзүлгөн. Ал эми 2014-жылдын май айында БУУнун Коопсуздук Кеңеши тарабынан террордук уюмдардын тизмесине киргизилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM