Connect with us

Кыргызстандын Улуттук банкы өлкөдөн нак АКШ долларын алып чыгууга тыюу салды

Кыска кабар | 12 Мар 2022 | 342 | 0

Кыргызстандын Улуттук банкы коммерциялык банктарга, алмашуу бюролоруна, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларга нак АКШ долларын Кыргызстандын чегинен тышкары алып чыгууга убактылуу тыюу салды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

«Кыргыз Республикасында экономикалык коопсуздукту камсыздоо жана ички валюта рыногунда жагдайды турукташтыруу максатында КР Улуттук банк башкармасы 2022-жылдын 11-мартында «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына, алмашуу бюролоруна, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларына нак чет өлкө валютасы менен операцияларды жүргүзүүдө убактылуу чектөөлөрдү белгилөө жөнүндө» токтомун кабыл алды», — деп айтылат маалыматта.

Аталган токтомго ылайык нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна КР Улуттук банкынын лицензиясына ээ КР коммерциялык банктарына, алмашуу бюролоруна, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларына 2022-жылдын 11-мартында саат 17:30дан тартып, нак АКШ долларын Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары алып чыгууга убактылуу тыюу салынды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM