12-мартка карата Кыргызстанда коронавирустун 13 учуру катталды.
Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Анын ичинен:
Бишкек шаарында – 8;
Чүй облусунда – 3;
Ош облусунда – 1;
Жалал-Абад облусунда- 1.
Жалпысынан өлкөдө коронавирустун 200 720 учуру аныкталды.
Өткөн суткада коронавирустан 1 киши каза тапты. Жалпысынан коронавирустан каза тапкандардын саны 2 972ге жетти.
СOVID-19дан 34 киши айыкты. Айыккандардын жалпы саны — 195 миң 820 киши.