Кыргызстанда үй-бүлө институту «авариялык» абалда. Мындай пикирин «Балдардын укуктарын коргоочулардын лигасы» коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова «Маралдын» эфиринде билдирди.
Анын айтымында, акыркы убакта балдардын зордук-зомбулукка көбүрөөк кабылып жатканы үй-бүлө институнун кооптуу абалда экенин түшүндүрөт. Ал жубайлар ортосундагы чыр-чатактын, балага болгон жоопкерчилигин сезбегендердин, ата-энелик милдетин толук аткарбагандардын көбөйүп баратканын кейиштүү көрүнүш катары сыпаттады.
Турдубекова Сокулук району Кыргызстандын эң көйгөйлүү аймагы экенин айтат. Анан калса, тургундары көп болгону менен социалдык кызматкерлер жокко эсе.
«Социалдык кызматкерлердин айлыгы — 6 миң сом. Биз айтып жатабыз, аялдардын, балдардын укугун коргоо, турмуштун оор кырдаалына кабылган үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүү үчүн социалдык кызматкерлердин айлыгын сөзсүз көтөрүү керек. Эгерде ушул бойдон калса маселелер чечилбей, тескерисинче, көбөйүп, коомчулук туңгуюкка капталат», — деди Турдубекова.
Расмий статисткалык маалыматка караганда, Кыргызстанда балдардын 73%ы үй-бүлөдөгү таш боор мамиледен жапа чексе, 83,5% мектептеги зомбулуктун курмандыгы болот.