Connect with us

«Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» мыйзамды кабыл алуу — учурдун талабы

Коом | 2 Фев 2022 | 551 | 0

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук боюнча комитетинин кечээ, 1-февралдагы жыйынында «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору каралды. Бул мыйзамды алгач парламенттин VI чакырылышы кабыл алган, бирок 1-декабрдан баштап жаңы Кылмыш-жаза кодексин, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин жана Жазык кодекстерин колдонуу күчүнө кирген. Буга байланыштуу президент аталган мыйзамга техникалык өзгөртүү киргизүү үчүн кайра кароого жиберген. 

Юстиция министри Аяз Баетов парламент комитетинде баяндама жасап, учурда эң зарыл болгон «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» мыйзамга айрым техникалык өзгөртүүлөрдү киргизүү керектигин белгилеп, депутаттардан колдоп берүүнү суранды.

«Мыйзамдын негизги максаты: жарандык жана административдик сот өндүрүш чөйрөсүндө жогорку юридикалык жардам көрсөтүү механизмдерин киргизүү; жарандарга мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүлгөнгө чейинки иштердин категорияларын кеңейтүү. Жөнөкөй сөз менен айтканда, бул мыйзам бизге керек. 1-декабрдан баштап жаңы Кылмыш-жаза кодекси, Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси жана Жазык кодекстерин колдонуу күчүнө кирген. Буга байланыштуу аталган мыйзам долбооруна техникалык өзгөртүүлөрдү киргизүү керек. Администрация да, Юстиция министрлиги да бул мыйзамды колдоп турабыз. Адвокаттын термини бар, «балдарга жардам берген адвокат» деген. Ушундай техникалык жактан гана өзгөртүүлөрдү киргизүү керек».

Кыргызстанда калкка акысыз консультациялык-укуктук жардам көрсөткөн 40ка жакын борбор бар. Жаңы демилгеленген мыйзам долбоору аталган борборлордун натыйжалуу иштөөсүн камсыздоону максат кылат. Тагыраагы, тергөө учурунда гана мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүлдү деген статистикадан оолактап, жарандар өздөрү келип, юридикалык жардам алууну камсыз кылуу аракети көрүлөт.

Министр Аяз Баетов белгилегендей, Кыргызстандагы «Мамлекет кепилдеген акысыз юридикалык жардам жөнүндө» мыйзам Борбор Азия мамлекеттеринин ичинде эң ийгиликтүү кадамдардын бири болуп саналат. Бирок муну менен токтоп калбай, учурда аталган мыйзамдын дагы да натыйжалуу иштөөсү үчүн аны өзгөртүү — учур талабы.

Карапайым эл маалыматтын жоктугунан мамлекет сунган жеңилдиктерди колдоно албай жатканын «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Бакыт Төрөбаев да белгилеп, Юстиция министрлигине маалымат берүү боюнча жеткиликтүү иш алып баруусун тапшырды.

«Карапайым калктын көпчүлүгү мыйзамды билбегендиктен бизге көп кайрылуулар түшөт. Окубайт, мыйзамды билишпейт, айла жоктон иштерин коррупциялык жолдор менен, акча берип бүтүрүшөт. Жөлөк пул алгандар үчүн «ошол үй-бүлөдө пенсия алган бирөө болсо, ал кирешеге кирбейт» деген норма кабыл алганбыз. Аны билбей бизге дагы деле кайрылышууда. Ошол элдин билбегенин колдонуп, социалдык кызматкерлер ар кандай пара алып жатканын мына угуп келе жатабыз. «Унаасы 20 жылдан ашык убакытттан бери бар болсо, ал дагы үй-бүлөнүн кирешесине кирбейт» деген норма бар, мына ошолорду билишпейт. Ошондуктан сиздер да түшүндүрүп, элдин жардам алуусуна көмөктөшкүлө». 

Министр Аяз Баетов белгилегендей, жаңы мыйзам боюнча Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борбору Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо кызматы деп өзгөртүлүп, мыйзам жолу менен кандай иштер аткарылышы керектигин ар бир кайрылган жаранга айтып берет. Бул кызматтын адиси ар бир кайрылуу боюнча тиешелүү министрликке чалып, түз иш алып барат.

Жыйында депутат Марлен Маматалиев жүргүзүлүп жаткан реформаларга жараша юридикалык жардамдарды онлайн алуу мүмкүнчүлүгүн түзүп, телефондорго тиркеме иштеп чыгууну сунуштады.

«Эми азыр технология өнүккөн заманда юридикалык бекер жардамды электрондук түрдө алууга мүмкүчүлүк түзүп койсоңуз жакшы болот эле. Ошол эле учурда мобилдик тиркемесин да иштеп чыгып койсоңуздар. Эл атайын ошол борборлорго барбай, үйүндө отуруп жазып, керектүү кызматтарды ала тургандай болсо. Ырас реформа кылууга жараша ушуну да эске алсаңыз. Муну да протоколдук тапшырма катары берип койсок болот».

Ага жооп катары министр Калкка юридикалык кеңешти онлайн берүү максатында Юстиция министрлигинин алдында Укуктук жактан маалымат берүү борбору ачылып жатканын айтты.

Ал эми депутат Равшан Сабиров акысыз юридикалык жардам көрсөтүүнү санариптештирүү зарылдыгын белгилеп, мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды жакшыртуу, адвокаттарды шыктандыруу үчүн эл аралык уюмдардан, донорлордон жардам суроо зарылдыгын айтты.

«Адвокаттарды шыктандыруу үчүн эл аралык уюмдардан, донорлордон жардам сурап кайрылгыла. Алар жарандардын укугун чын дили менен коргоп бериши керек. Ошол эле учурда адвокаттардын ишинин натыйжасын аныктоо боюнча да мониторинг жүргүзүлүшү шарт».

Комитет жыйынынын соңунда «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүлдү. Ал топко мыйзамдын демилгечилеринин бири катары депутат Улан Примов, президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмаз Абытов, юстиция министри Аяз Баетов, депутаттар Бакыт Төрөбаев, Гуля Кожокулова кирди.

Материал БУУӨПтүн жана Финляндия ТИМинин «Кыргыз Республикасындагы укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү» долбоорунун колдоосунда даярдалды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM