Connect with us

Баткендеги ооруканалар күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү

Кыска кабар | 27 Янв 2022 | 399 | 0

Баткендеги ооруканалар күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтүштү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу дарыгерлердин даяр туруусу эскертилди. Азырынча жабыркангандар тууралуу маалымат жок.

Саат 17:00дөн 18:30га чейин Тажикстандын жарандары Баткен районундагы Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө тилкесин бууп салышкан. Аймакка Чек ара кызматынын Баткен облустук башкармалыгынын жетекчиси Кыялбек Төлөнбаев, Баткен чек ара отрядынын командири Рустам Миршакиров барып сүйлөшүү жүргүзгөн. Андан соң саат 19:30да Төрт-Көчө жолу кайрадан ачылган.

Бирок саат 19:35 чамасында Баткен районунун Үч-Дөбө аймагынан тажик тарап ок чыгарып, кырдаал курчуп кеткен. Төрт-Көчө, Үч-Дөбө аймактарында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары атышып, тажиктер миномёт, гранатомёт колдонуп жатканы кабарланды.

Copyright © 2017 Maral FM