Connect with us

Немиске алдаткан пакистандык Садыр Жапаровго кайрылуу жасады (видео)

Кыска кабар | 26 Янв 2022 | 215 | 0

Пакистанда туулуп, кийин Кыргызстандын жарандыгын алган ишкер Назир Мухаммад Имран алдамчылыкка кабылганын айтып, соттон укугун коргоп берүү өтүнүчү менен президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасады.

Белгилүү болгондой, Назир Имран 2017-жылы Германиянын жараны Виктор Финктин ортомчулугу астында Добрынина аттуу аялдын Токмоктогу үйүн бөлүп төлөө шарты менен 300 миң долларга сатып алып, алгачкы бөлүгү 100 миң долларды Финкке берген. Келишим боюнча Добрынина бир айдын ичинде көчүп кетмек. Бирок ал айтылган мөөнөттөн канча убакыт өтсө да, үйдү бербей койгон. Мындан улам Имран сотко арыз жазып, 3 инстанцияда тең жеңип алган.

Бирок Финк соттун чечимдерин аткарбастан, Германияга качып кеткен. 2019-жылы Финктин кызы Кыргызстанга келип, Имранга жолугуп, атасынын өлүм астында жатканын, ошондой эле Добрынинадан алган ишеним каты бар экенин билдирген. Мунун негизинде келишимди жабуу үчүн текшергенде, үй Финктин өтүнүчү менен соттун камагына алынганы белгилүү болгон. Бул жагдай шек жаратып, Назир Имран Виктор Финктин ким экенин изилдеп көргөн. Анын натыйжасында Финктин алдамчылык иштерди жасап жүргөнү, Кыргызстандын казынасына 1 млн 400 миң еврого жакын зыян келтиргени тууралуу маалымат алган.

Андан соң дароо Добрынинаны издеп, Орусиядан тапкан. Жолугушууда Добрынина 100 миң евронун бир сомун да албаганын, баары Финкте экенин айткан. Анан Назир Имран Добрынина менен имаратты соттун камагынан чыгарып алуу боюнча макулдашып, үйдүн калган акчасын, 200 миң еврону төлөп берген.

Ошондон кийин өлүм астында жатат деген Финк дароо Кыргызстанга жетип келип, акчасын толук төлөбөгөнү үчүн үйдүн жаңы кожоюну Назир Имранды сотко берген. Айта кете турган жагдай, үйдүн мурдагы ээси Добрынина бул жолу Финкке ишеним көрсөтпөй койгондуктан ал тааныш нотариусу аркылуу жасалма ишеним кат жасатып алган. Мунун негизинде иши Ленин райондук сотунда каралып, Имран Финкке 16 млн сом, доо арыз каралганы үчүн мамлекетке 200 миң сом (госпошлина) төлөп берүүгө милдеттендирилген.

Назир Имран соттун бул чечими мыйзамсыз болгонун айтат. Себеби Финктин 300 миң долларын өзүнө ыйгарып алганы боюнча Добрынинанын өкүлүнүн доосу каралбай калган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM