Биз менен байланышыңыз

ТИМ кыргызстандык музыканттын тез арада бошотулуусун талап кылды

Кыска кабар | 9 Янв 2022 | 1474 | 0

Жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда Казакстанда болуп өткөн массалык башаламандыкка катышты деп шектелип кыргызстандыктын кармалганы тууралуу видео сюжеттин таралышына байланыштуу Казакстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Рапил Жошыбаев ТИМге чакырылды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Казакстандын элчисине КР жараны Викрам Рузахуновдун камалышына байланыштуу министрликтин нотасын тапшырды. Викрам Рузахуновго консулдун жолугушуусун камсыз кылууга жана аны тез арада бошотууга чакырды.

Өз кезегинде Казакстандын элчиси кыргыз тараптын тынчсыздануусу Казакстан ТИМине тез арада жеткирилерин айтып, жакынкы аралыкта кеңири маалымат берүүнү убадалады. Ал азыркы оор кырдаалда Казакстандын компетенттүү органдары болгон окуянын бардык жагдайларын жана себептерин тактоо үчүн кылдат иликтөө жүргүзөт деп ишендирди.

Мындан сырткары тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Марат Сыздыков менен телефон аркылуу сүйлөшүп, аталган жаранга байланышкан кырдаал боюнча кыргыз тараптын тынчсыздануусун билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM