Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров: Адилетсиз жоопкерчиликке тартылган жарандарыбыз үчүн катуу күрөшөбүз

Кыска кабар | 9 Янв 2022 | 790 | 0

Президент Садыр Жапаров Казакстандагы окуяларга катыштыгы жок, адилетсиз жоопко тартылып жаткан жарандар болсо, алардын ар бири үчүн катуу күрөшүүгө убада берди.

Бул тууралуу ал фейсбуктагы баракчасына жазды.

Жапаров эки өлкөнүн атайын кызматтарынын жыйынтыгын күтүүгө чакырды.

«Биз Казакстанда болуп жаткан окуялардан толук кабардарбыз. Викрам Рузахунов тууралуу маалымат эртең менен социалдык түйүндөргө чыгары менен дароо министрликтерге тийиштүү тапшырмаларды бердим. Эки өлкөнүн министрликтеринин ортосунда иштер жүрүп жатат.
Казакстанда иштеп жүргөн биздин жарандарыбыз көп. Балким, алардын арасында митингке катышып калгандар да болушу мүмкүн. Эгер катыштыгы жок, жөн гана адилетсиз жоопко тартылып жаткан жарандарыбыз болсо, алардын ар бири үчүн катуу күрөшөбүз. Эки өлкөнүн атайын кызматтарынын жыйынтыгын күтөлү», — деди президент.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM