Биз менен байланышыңыз

ТИМ: Казакстандын элчисине нааразычылык нотасы тапшырылат

Кыска кабар | 9 Янв 2022 | 500 | 0

Тышкы иштер министрлиги, Казакстандагы элчилик, Консулдук, баардыгы Казакстандын ТИМи менен байланышта болуп жатат. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

“Бишкекте, Астанада, элчиликте, Алматыда, Башкы консулдукта, Ыкчам Штабдар ачылган. Биздин жарандарды биринчи күндөн баштап алып чыгып жатабыз.

Азыр Казакстандын элчиси министрликке чакыртылды, нааразычылык нотасы тапшырылат” , — айтылат маалыматта.

Маалматка ылайык, Кыргызстандын Астанадагы элчиси эртең бир катар суроолор менен Казакстандын ТИМине барат.

Камакка алынды делген Кыргызстандын жарандары боюнча баардык маалыматтарды толуктап, тиешелүү күч органдарына соболдор ташталууда. Азырынча, тергөөнүн кызыкчылыгы деп консулдарды, адвокаттардын киргизбей жатышканын билдиришет.

Copyright © 2017 Maral FM