Биз менен байланышыңыз

Бекешев: Садыр Жапаров Токаевдин ЖККУга кайрылуусун колдоду

Кыска кабар | 6 Янв 2022 | 1339 | 2

Кыргызстан Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин кайрылуусун колдойт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Твиттерге жазды.

6-январга караган түнү президент Касым-Жомарт Токаев Алматыда башаламандык уюштургандарды сырттан даярдалган террордук банда деп атап, кырдаалды турукташтыруу үчүн ЖККУдан жардам сурады.

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров кечээ кечинде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин төрагасы, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, ошондой эле Орусиянын президенти Владимир Путин менен Казакстандагы учурдагы кырдаалды талкуулашкан.

Бүгүн, 6-январда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандагы кырдаал боюнча чукул жыйын өткөрдү.

Акылбек Жапаров билдиргендей, мамлекет башчынын жана Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун чечимине ылайык, Кыргызстан Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин кайрылуусуна байланыштуу Казакстанга колдон келген колдоо көрсөтүүгө жана ЖККУ алкагындагы өзүнүн союздук милдеттенмелерин тийиштүү деңгээлде аткарууга даяр экендигин тастыктайт.

Бүгүн саат 14.00дө Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев  баяндама жасайт. Ошондой эле Ташиев Казакстандагы окуялардын өнүгүүсүнө реакция кылуу боюнча өкмөттүк штабды жетектемей болду.

2 пикир

2 пикир

  1. запар кайназарова

    07.01.2022 08:05

    кыргыз аскерин казакстанга жонотконго каршымын.ички жанжалга кыргызстан аралашканга караманча каршымын.тиги уюмдан чыгуу керек.путиндин садыр-камчы кукласы.оюнчугу болушун каалабайм.эр жеткен.жалгыз уулумду жоното албайм.оз элибизде.чек арада.кызмат кылсын!!!

  2. запар кайназарова ак элечек умай эне.уз чебер этно саймачы

    07.01.2022 08:22

    садыр-камчы токаевди колдобош керек.аскер жонотпогуло укаларим.азык-тулук.дары-дармек.кийим-кече жонотолу карапайым казак эл-баурларыбызга.ошондой эле назарбаевдин чон эмгегин.чон шаар астананы курган.завод-фабриканы сактап.элине коп жылдык ссуда берип.элин тентитпегендигин эске алып.саткын кийинки президент болумуш-олумуш токаевдин одбк га кайрылганы чексиз бийлигин.иштебей жатып чогулткан байлыгын.назарбаевди жаманатты кылып хандык тактыда отуруп.озу билип эле элди кыжырына тийип аткандыгы учун.хандыктан-тактыдан чегинсин.токаевдин жонокой-карапайым казак элин алаканына салып бага турган жаш эл тараптагы лидерге откоруп беруусун жана казак туугандарыма сабырга.акылдуулукка чакырам!!!

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM