Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 2022-жылы Бишкек шаарынын аймагында республикалык бюджеттин эсебинен 15 мектеп жана кошумча окуу корпустарын куруп, пайдаланууга берүү пландалууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев бүгүн, 4-январда бала бакча жана мектептердин курулушу менен таанышты.
Мэр алгач “Мурас-Ордо” жаңы конушундагы курулуп жаткан мектепке барды. 2019-жылы бул объектинин курулушу токтотулган. 2021-жылы кайрадан мектептин курулушун улантууга каражат бөлүнгөн. Учурда чатыры жабылып, имарат 40%га бүткөрүлдү.
Андан ары мэр «Касым» жана «Кара-Жыгач» конуштарындагы бала бакчаларды реконструкциялоо жана куруу иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Кара-Жыгач конушундагы бала бакчанын курулушу 2021-жылдын июнь айында башталган.
«Алтын-Ордо» жаңы конушундагы 480 орунга эсептелген мектептин курулушу менен таанышуу учурунда мэр курулуп жаткан объектилер сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүткөрүүнү тиешелүү жетекчилерге тапшырды.