Connect with us

ИИМ: Өткөн жылы диний экстремизм боюнча 4 миң 500дөн ашуун иш-чара өттү

Кыска кабар | 2 Янв 2022 | 456 | 0

2021-жылдын 12 айында диний экстремизм боюнча 4 миң 500дөн ашуун түшүндүрүү, агартуу, оң жолго салуу иштери жүргүзүлдү. Бул маалымат Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын жылдык отчётунда айтылганын министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Өлкөнүн бардык аймагында жүргүзүлгөн ар кандай форматтагы иш-чараларды өткөрүүгө Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгы, аймактардагы жетекчилик, ИИМдин аймактык түзүмдөрү, жергиликтүү диаспоралар, айрым билим берүү мекемелеринин жетекчилиги, аксакалдар жана аялдар кеңеши, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, жарандык активисттер, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү көмөктөшкөн.

Иш-чараларда «Кыргыз Республикасындагы диний кырдаал жана тыюу салынган экстремисттик, террордук уюмдардын идеологиясы», «Кылмыштын алдын алууда социалдык жоопкерчилик», «Кибер коркунучтар жана аларды алдын алуунун жолдору» дагы башка ушул сыяктуу темаларда атайын даярдалган роликтер, слайддар көрсөтүлүп, 9 миңден ашуун түшүндүрүү баракчалары таратылган.

Атай кетсек, жакынкы айларда эле ИИМдин Республикалык окуу борборунун ѳздүк курамына жана 43-44-45-окуу взводдорунун абитуриенттерине, «Ала-Тоо» эл аралык университетинин студенттерине жана мугалимдерине жогоруда айтылган багыттагы иш-чаралар өткөрүлгөн.

Бул иштер Өкмөттүн токтому менен бекитилген «2017-2022-жылдарда экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү» программасынын алкагында жасалган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM